Меню
Эл-Сөздүк

Кр жогорку кеңешин (парламентти) таркатуу

КР ЖОГОРКУ КЕҢЕШИН (ПАРЛАМЕНТТИ) ТАРКАТУУ – КР Президенти тарабынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда таркатылышы мүмкүн: а) референдумдун жыйынтыгы боюнча; б) КР Премьер-министрин дайындоого макулдук берүүдөн үч ирет баш тартканда; в) КР ЖК тарабынан КР Президентине күнөө коюу боюнча КР Конституциялык сотунун тескери корутундусу чыккан учурда; г) КР ЖК менен башка бийлик бутактарынын ортосунда карама-каршылыктан улам келип чыккан тирешүүлөрдөн кризис пайда болгон учурда; д) КР ЖК депутаттарынын жалпы санынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмесинин чечими боюнча өзүн-өзү мөөнөтүнөн мурда тараткан учурда. Согуш жана тынчтык, мамлекеттин бүтүндүүлүгү, бийлик бутактарынын жарамдуулугу тууралуу маселелер боюнча КР ЖК менен бийликтин башка бутактарынын ортосундагы бир пикирге келе албаган талаш-тартыштар келишкис карама-каршылык катары эсептелет. КР ЖК таркатылган учурда КР Президенти КР ЖК депутаттарын шайлоо мөөнөтү жаңы шайланган КР ЖК депутаттары өзүнүн алгачкы жыйынын таркатылган маалдан 6 айдан кеч эмес мезгил аралыгында өткөргүдөй кылып белгилейт. КР ЖК төмөндөгүдөй учурда таркатылбайт жана өзүн-өзү таратпайт: а) өзгөчө же согуштук кырдаалдын маалында; б) КР ЖК тарабынан КР Президентин кызмат ордунан кетирүү маселеси каралып жаткан чакта; в) эгер КР Президентинин ыйгарым укуктарынын бүтөрүнө 6 айга жетпеген убакыт калса.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: